Күйөөм кыздыгымды ала албай койду
22-үчтүн айы, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваСаламатсызбы! Жакында күйөөгө тийгем. Тилекке каршы, биринчи нике түндө кыз эмес болуп чыктым. Жигитим менен 2 жыл сүйлөштүк. Ага чейин эч ким менен жакын мамиледе болгон эмесмин. Бирок, алар буга ишенген жок.
Той бүткөндөн кийин жеңелери бизди өзүнчө бөлмөгө алып барды. Ак жууркан-төшөк салып коюшуптур. Жаттык. Кан чыккан жок.
Шейшеп текшергени кирген жеңелери ызы-чуу чыгарышты. Күйөөм аларга кошулуп, «ким менен болдуң эле», — деп жемеледи. Мени уккан киши жок. Ата-энем келип, чогуу кайын журтубуз менен гинекологго бардык. Кыз болуп чыктым. Күйөөмдүн жыныс мүчөсү өтө кичинекей болгондуктан, кыздык белгиге жетпей калыптыр. Кечирим сурашты. Бирок, жигитим экөөбүз сүйлөшүп, эки жолго түштүк. Өзүм деле, мага
ишенбеген адам менен жашоону каалаган жокмун.