Күйөөм кечирди, эми мени Кудай кечиреби?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Өзүмдүн башымдан өткөн окуяны жазгым келди. Бул сырымды тааныш эч ким менен бөлүшө албайм, сиздер менен бөлүшүп отурам. Сулуу болгондун да жашоого көп терс таасири бар экен. Артымдан көп жигиттер чуркады. Ар бир адам менен тез эле тил табышып кетчүмүн. Ошентип чыныгы сүйүүмдү да жолуктурдум. Ал адамга жолукканы чындап башкача, олуттуу кызга айландым. Мамилебиз акырындап тереңдеп отуруп, баш кошуп түтүн булаттык. Жашообуз ойдогудай эле. Күйөөм жумушуна байланыштуу көп командировкага кетчү. Ошондой күндөрү курбуларым менен эс алууга чыктык. Мурдагы бойдок кезимдеги жигитимди жолуктуруп, күйөөм жокто ага да жолугуп жүрдүм. Бирок бул кыңыр ишим курбуларым аркылуу тез эле күйөөмө жетиптир. Коломтобуз өчмөй болду. Күйөөм ортобуздагы эки баланы кыйбай, мени кечирди. Эми мени Кудай кечиреби? Айка

Аргумент.kg