Күйөөм эмнеге кызыбызды «садикке» алып барбаганын айтып көз жашымды агызды

Күйөөм эмнеге кызыбызды «садикке» алып барбаганын айтып көз жашымды агызды

25-бештин айы, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева
Экөөбүз мыкты ата-энебиз деп айта албайм.
Көп ката кетиребиз. Кээде кызыбыз бар
экенин унутуп, жумушка кирип кетебиз. Апам
бала бакчадан чалып жатышканын айтып
жазганда, такси чакырып чуркап жөнөйбүз.
Кээде өзүбүздү кармай албай, кызыбыздын
көзүнчө урушуп киребиз. Тостойгон эки
көзүн көрүп, айласыздан кайра ымдашып,
көздөрүбүз менен урушабыз. Ата-энбе болуу
мынча кыйын.
Бирок, биз кызыбызды кыйнабайбыз.
Мындай кыл же андай кылба деп
тыюуларды салбайбыз. Урушуп, кол
көтөрбөйбүз. Суроолоруна жооп берип, эмне
жакшы, эмне жаман экенин айтабыз. Анын
досу болгонго аракет кылабыз. Бирок, ошол
дагы аябай кыйын.
Жумушка шашып кетип бараткам. Күйөөм

жумушуна кеч бармак. Кызыбызды
«садикке» таштап кой деп чыгып кеттим.
Үйгө келсем экөө мультик көрүп,
жыйналбаган кребеттин үстүндө чипсы жеп
жатышат. Үй чачык. Төшөктөр эки жакта
жатат. Ачуум келди. Эмнеге төшөктөрдү
жыйнабай, үстүнө тамак жеп отурушканын
айтып сүйлөнүп кирдим. Күйөөм мени
ашканага жетелеп барды.
«Жаным, кызым экөөбүз бүгүн сонун күн
өткөрдүк. Аны буза көрбө. Билем, ачууланып
жатасың. Бирок, менин жумушка, анын
«садикке» барбаганына себеп бар.
Мышылдап уктап жатканын көрүп ойготкум
келбеди. Эшик суук, байкуш кызым үшүп
калат дедим. Боорум ооруп, жок дегенде
бүгүн алып барбай эле коюну чечтим.
Жумушумдан сурандым. Кызым экөөбүз
бүгүн эч нерсе кылбай, жаткан жерибизде
калууну чечтик.
Ооба, шейшептерди чипсы кылып булгадык,
печенье дагы жегенбиз. Үкүмдөрү толтура.
Бирок, экөөбүз сонун күн өткөрдүк. Дал
ушундай «моменттерден» кызыбыздын
жашоосу куралат. Дал ушундай «моменттер»
анын эсинде калат. Мунун жанында бир күн
«садикке» барбай коюу эч нерсеге татыбайт.»
Көз жашым агып жатканын байкаабй
калыптырмын. Кийимдеримди
алмаштырбастан мен дагы алардын жанына
кошулудум. Мультфильм көрүп,
шейшептерге үкүм таштап печенье жеп
жаттым. Мынча сонун.