Күйөөм эмнеге кошуна эженин баласын жакшы көрөрүн билип таңкалдым

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жашоо кызык э? Биз күтпөгөн нерселер болуп кетет. Эртең менен жөн эле турган жаның, кечинде ыйлап жатасың. Же тескерисинче. Ойго келбеген нерсе чын болуп жатканда кулап түшөйүн дейсиң. Жашоо ушунусу менен кызык болсо керек. Күйөөм бул кичинекей балага өзгөчө мамиле кылат. Айтайын дегеним, кээде ага деп гана бир нерселерди алып келип берет. Анан кулагына бир нерселерди шыбырап, бетинен өөп коет. Бала сүйүнгөн боюнча үйүнө чуркап кетет. Биз балалуу боло элекпиз. Баш кошконубузга аз эле болду. Балким, балалуу болгусу келип жатабы деп ойлойм. Андай болсо, эмнеге ачык айтпайт? Эже баласын жалгыз тарбиялайт. Эже экөөбүз жакшы сүйлөшөбүз. Бирок мүнөзү катуу, көпчүлүк анын жанына баргандан тартына берет. Ачык сүйлөшө келсең аябай назик эже. Катуу мүнөзү жөн гана коргоочу калкан сыяктуу. Жаңы көчүп келгенде кошуналардан биринчи болуп ал келген. Батирде турабыз. Керектүү оокаттарыбыз азырынча жок. Манты бышырсам касканын сурап барам, үй шыбырсам шыпыргы сурап барам, от жаксам ширеңке сурап барам. Күйөөм экөөбүз тең студент. Ата-энелерибизди кыйнабай өзүбүз бутубузга турабыз деп чечкенбиз. Бирок, ал нерсе аябай кыйын экен. Акыры чыдабай кеттим. Оюма жаман нерселер келе баштады. Ачык сүйлөшөйүн дедим. Эмнеге эле ал балага ар нерсе алып келе берет. Кээде нан жок отурсак, ага шоколад берип жатканын көрүп калам. Баарын айтып ыйлап жибердим. Күйөөм күлдү. — Кызганчаагым десе, менин балам десем эмне кылат элең (күлүп)? — Жөнчү… — Эжеге айтпа, сага бир нерсе айтам. — … -… (таңкалып карадым). — Баланын атасы мен аркылуу уулуна ар нерсе берип, кулагына аны жакшы көрөрүн шыбырап, бетинен өөп коюшумду суранды. Жумуштан келаткам. Бир байке алдыман чыгып, эженин кошунасы боломбу сураган. Эже ага катуу таарынып жүрүптүр. Уулун көргүсү келген байке мага жалдырады. Билем жашынып барып эженин уулуна минтип туура эмес кылып жатам. Эже өзү чечиши керек. Бирок, байке ыйлап жиберди. Чыдай албадым. Баласы дагы атасын сагынган көрүнөт. Жаным, мага ишенчи. Эмне кылышты дагы билбей калдым. Мурдумду тарттым. Эжеге ачык айтууну чечтик. Бала аныкы, минтип үй-бүлөсүнө кийлигишкенибиз болбойт. Эже күйөөмдү унчукпай угуп отурду. Күйөөм ортодо бала кыйналып жатканын айтып аябай көп сүйлөдү. Эже баарын угуп отурду. Анан туруп басып кетти. Эртеси жумуштан келатсам бир байке эженин баласын жетелеп үйүнөн чыгып баратыптыр. Баласы аябай бактылуу. Мени менен учурашып өтүп кетишти. Эженин үйүн тыкылдаттым. Эже ыйлап отуруптур. «Атасы менен көрүшүүгө уруксат бердим. Баламда күнөө жок. Кеп экөөбүздө.» Эжени катуу кучактадым. http://Bilesinbi.kg

Аргумент.kg