Күйөөм иштебейт, жалкоо. Эмне кылсам болот?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Турмушка чыкканыма 2 жыл болду, 1 кызыбыз бар. Күйөөм иштеп акча таппайт, үйдөгүлөр иштетпей даярга көнүп алган. Иште десең жок дей берет. Бизди кайненем иштеп багат, анысына рахмат бирок бакканынын артыгын чыгарып даалай сөз сүйлөйт. Кайнатам болсо үйдөгү баардык оокатка кийлигише берет сүйлөнүп тиги бу деп. Боюмда барда аябай жаман көргөм, дагы деле  жаман көрөм. Кайын сиңдим 3-класста окуйт тили буудай куурат жалгыз кыз болуп, баары көзүн карашчу экен.
Бирок күйөөм үчүн эч кимисине унчукпайм. Айла жок чыдап жүрө берем, бирок оорулуу болуп бүтмөй болдум. Кантип чыдайм билбейм
Кетип калайын десем үйдөгүлөр чыдап жаша дейт.

Аргумент.kg