Күйөөм денесин сатат окшойт, бул оору эмеспи?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Күйөөм экөөбүз бирге жашаганыбызга жети жылдын жүзу болду. Ортобузда эки уул бир кыз бар. Жети жыл дегенибиз менен чогуу жашаган күндөрүбүздү эсептесек эки жыл эле бир жаздыкта жатыптырбыз. Калган учурун Москвада өткөрүптүр. Жакында эле күйөөмдүн телефонунан каттарды окуп калдым. Анда белгисиз номерлерден күйөөмө жазылган укмуштуудай каттар бар экен. «Саат 8ге баягы гостницага келип кал, акчасын которуп коем», «Жаркий ночко даярсыңбы?», «Оорун жокпу? Сени мага курбум айткан»-дегендей сөздөр мындан да жаман сөздөр жазылыптыр. Күйөөмө айта алган жокмун. Ичимден сызып, сойку эркекти мен үй-бүлөмдүн башчысы катары кармап жүрөмбү деп жаман болуп жатам. Күйөөмө «Москвада сойку болуп иштесиңби?»- деп айта албай жатам.

Аргумент.kg