Күйөөм чогу жашаган эже менен ойнош болуп жүрүптүр

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саламатсызбы.Менин катымды да чыгарып беринизчи. Жан дүйнөм ооруп жүрөгүм канап турган мезгилим өзүмдү өзүм жек көрүп өзүмдү койорго жер таппай кыйналып турам. Мен турмуш курганыма 9 жыл болду кудайга шүгүр 2 уулум бар тунгуч уулум 8 жашар кичинем 1,30 айлык жолдошум аябай жакшы түшүнүктүү 9 жылдын ичинде бир да урбады сокподу. Кайын журтум начар бирок мага көрсөтпөгөн күндөрү калбады жолдошум жакшы үчүн ушунча жыл чыдап жашадым. Бирок биз Москвада мындан көп жыл мурун иштеп жүргөнбүз ошол мезгилде квартирада бир эже бар эле бизден жашы уулу ошол эже менен күйөөм ойнош болуп жүргөн экен. Мен бүгүн бирөөдөн угуп уккандан бери өзүмө келе албай жатам. Ал да мейли дейин жашы чон ичкиликке берилип кеткен эже болчу ушунчалык мени паска уруп ошол эже менен ойнош болгонун уккандан бери шок болуп турам. Жолдошумду көргөндө өзүмдү ушунчалык жек көрүп жатам кенеш кутөм эжелер жардам бериниздерчи.

Аргумент.kg