Күйөөм бул үч кызга массаж жасап берип колун оорутуп алыптыр

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ушул убакка чейин мен өзүмдү бактылуумун деп эсептеп келгем. Көрсө жаңылыпмын. Мен жөн гана бактылуу эмес, эки эсе бактылуу экем. Анын себебин айтып берейин. Ыраматылык таенем минтип көп айтчу: «Бактылуу болгуң келсе, өзүңө окшогон дагы бир келесоону (дурак) тап.» Анда жаш кез. Каткырып күлүп, улам-улам сурай берчүбүз. Таенемдин сабары, зерикпей кайра кайталат. Таенеме өзүмдүн жарымымды жолуктургум келет десем, «Антип сүйлөбө, сен эмне азыр жартысыңбы! Адам өзү бир бүтүн болуш керек. Эки бүтүн адам жолукканда нике бекем болот. Жарты адам менен эч качан бактылуу боло албайсың. Алгач өзүң бүтүн бол!» деп урушчу. Өзүмдү өнүктүрүп, билим алып, өзүмө гана көңүл буруп бүтүн болгонго аракет кылдым. Ошентип тагдыр бизди жолуктурду. Күйөөм колумду сураган күн дале эсимде. Жооп берерден мурун, эмнеге ага турмушка чыгышым керек экенин сурадым. «Анткени мен сага окшош келесоомун» деп жылмайды. Дароо макул болдум. Өз адамыңды тапкан сонун экен. Эч качан бири-бирибизди басынтпайбыз, кыйынсынбайбыз, бизге чогуу болуу гана жетиштүү. Ооба, ар кимибиздин өзүнчө кызыгууларыбыз бар. Ал кызыгууларыбызды кабыл алабыз. Кийлигишип оңдогонго аракет кылбайбыз. Биз жөн гана бактылуубуз. Удаасынан үч кыздуу болдук. Үчөө тең атасына куюп койгондой окшош. Кээде туруп кызганып кетем. Анан үчөө тең атасын көбүрөөк жакшы көрөрүн айтышат. Ананчы, кечке атасы алардын оюу менен болуп жатса. Жумуштан келсем күйөөмдүн колу ооруп жатыптыр. Эмне болгонун сурасам массаж жасаганын айтты. Дароо «Кимге?» дедим. Каткырып «үч принцессама» деди. Көрсө бир кызымдын бутун ушалап массаж жасап берсе, калган экөө дагы бизге жаса деп кечке атасын кыйнаптыр. Байкуш күйөөм колу ооругуча жасап берген экен. Үчөө болсо эч нерсе болбогондой уктап жатышат. Бактылуумун. Күйөөм жумушунан менден биринчи келет. Дароо кыздарыбыздын кылыктарын айтып кирет. Мынча сонун адам. Бүгүн минтип колу уюп калганына карабай массаж жасап бергенине мактанып отурду. Шашпагыла. Сөзсүз өз адамыңарды http://Bilesinbi.kg

Аргумент.kg