Күйөөм биринчи аялын «токол» кылып алам деп жатат

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саламатсызбы чыгарып бергилечи. Күйөөмдүн биринчи аялы бир балалуу болгондон кийин болбогон нерседен уруш чыгарып кетип калыптыр. Эки жылдан кийин мага баш кошкон. Азыр эки уулубуз бар. Беш жыл аралыгында жакшы жашадык, үй тургуздук. Бири-бирибизди түшүнүү менен карап, жашоонун оорчулуктарын чогуу жеңдик. Жакында эле кайын сиңдим күйөөмдун мурунку аялын айтып, аны тойго чакырганын, айтор ал тууралуу жакшы сөздөрдү айтып кайра элдешет деп кулак кагыш кылды. Укканым менен күйөөм экөөбүздун жашоону биз чечебиз деп маани берген эмесмин. Эми күйөөм мурунку аялы бир бала менен жашоодон кыйналып жатканын айтып, кийинки күйөөсү ура берип ажырашып кетиптир кайра алсам сооп болот деп жатат. Мен күйөөмдүн башка аял менен да мени менен да ачык жашашын каалабайм. ал аялсыз жашооң токтоп жатса ажырашалы десем, так секирип, ушунча байлык топтоп алып чыгып кетмек белем жашайм эле деп жатат. Күйөөмдүн мындай пастыкка барат деп эч ойлогон эмесмин

Аргумент.kg