Күйөөм башкага үйлөнгөн, бирок баланы шылтоолоп чала берет

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жаш кыздарга кенеш катары жазып атам. Мен турмушка чыгып, бир балалуу болгон соң, көп түшүнбөстүктөрдүн айынан өз каалоом менен ажырашкам. Өкүнбөйм. Азыр бактылуумун. Балам атасы, чоң аталары менен катташат, алар менен жакшы, сый мамиледебиз. Баламдын атасы башкага үйлөнгөн, бирок күн алыс эле мага чала берет, баласын шылтоолоп чалып эле мени сурайт. “Каердесиң? Эмне кылып атасың? Жумушуң каерде? Үйдө ким бар, барам” деп. “Мага чалба, жазба” деп көп айттым, акыры “черный список” кылып кутулсам, эми ар башка номерден чалат. Айтор, анын аялына боорум ооруйт. Ал билбейт күйөөсү мага чалып жүргөнүн, билсе көңүлү ооруйт. Мен ал кызга жаман оюм жок, ал менин жашоомду бузуп тийген эмес, бактылуу болушсун. А күйөөсү минтип ар шылтоону айтып мага чалат, сүйлөшпөй, “ооба”, “жок” деп эле шашып өчүрөм.

Кыздар, үйлөнүп ажырашкан адамга тийерде жакшылап ойлонгула! Ар бир кыз бактылуу болсун!

Аргумент.kg