Күйөөм башка аялды сүйүп жашайт, а мен өзүмдү көлөкө сымал сезем

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Күйөөм 6 жылдан бери башка аялды сүйүп, артынан жүрдү. Азыр эми артынан чуркаганын токтотконуна эки жыл болду. Кээде сурап калсам, “дагы деле сүйөм” дейт. “Эмне кылсаң ошо кыл, өмүр бою сүйүп өтөм” дейт. Бир чети ага барбай калганына сүйүнсөм, бир чети көңүлүм калды. Мени сүйбөгөн, сыйлабаган үчүн башкага барды да. Эми өмүр бою өзүмдү анын жанында кор кылып жашай беремби? Балдарын төрөп берген, ысык-суугуна күйгөн адамына ал сезимин ачык айтпай койсо болбойт беле? Менин жанымда жашаганы эле болбосо, оюнун, жүрөгүнүн баары башка жакта. Өзүмдү көлөкө сымал сезем. Же чын сүйгөн адам ушинтип өмүр бою унутпайбы? А мен канчага чейин чыдашым керек?..

Гүлнара 

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg