Күйөөм баарын кайненеме айтып салат. Эмне кылсам?

Күйөөм баарын кайненеме айтып салат. Эмне кылсам?

28-бирдин айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Саламатсызбы сураныч менин катымды чыгарып бериңизчи. Мен дагы сиздерден кенеш сурагым келип жатат, турмушка чыкканыма 2 ай болуп жатат,жалгыз уулга тийгенмин. Көптөн бери ичимдин ылдый жагы оорутуп жатат,күйөөмө айтып ооруканага  барайлы десем унчукпай коёт же кайненеме   айтып берет ушинтип атыптыр деп, кайненем жакшы көз менен карабайт мени. Же эч жакка чыгарбайт, сыгылып кеттим. Сиздерден сурайын дегеним эмнеге ичтин ылдый жагы ооруйт,сиздерде болгонбу?