Күйөөм ата-энем менен жашабасаң ажырашам деп жатат. Эмне кылсам?
26-тогуздун айы, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваСаламатсызбы. Аноним болсунчу, менин 2 балам бар. Азыр төркүндөмүн. Себеби, жолдошум шаарда иштейт өзү квартирада, биз да жанынызда жашайлы десем айлыгым жетпейт, ата-энеси менен айылда болуп тур, ар дем алышта барып турам, бала чонойгондо келип иштейсин ошондо жаныма келесинер дейт. Мен да жакшына элге окшоп бирге жашагым келет, балдарды ойлоп жатам толук кандуу үй бүлөдө жашасын деп. Эгер анын сунушуна макул болоюн десем бирөө менен
жазышкандарын көп көрөм даже кармап да алгам, кайнэнем менен да мамилебиз жакшы эмес. Айылда эле иштеңиз, бирге эле жүрөлү десем, ишиме каршы чыгып жатасын, сунушума макул болсон жаша, болбосо ажырашам дейт. Балдарымды ойлоп жатам атасыз калбасын деп, эмне кылсам?