Күйөөгө тийсем, апаң алкаш дешсе кантем?

Мен атым сыр болсун. Жашым 19да. Жакында турмушка чыгам, таэнемдин үйүндө турабыз, өзүбүздүн үйүбүз жок.Ата энем кырктан өтүп калды. Апам болсо күнү түнү ичип атып бизди уят кылып бүттү. Өткөндө апамдын абысыны мас болгонун видеого тартып алыптыр. Мен эмнеге тартасыз деп урушуп кеттим. Жаш кезибизден кыйынчылыкты көрүп эле келе жатабыз, эч эле жылыш жок. Апам такыр өзүн таштап ичип кеткен. Мен намыс кылам, баарынан эртен кайын журтум апан алкаш десе эмне кылам. Ошодон улам турмушка дагы чыккым келбейт. Суранам мага кеңеш бериниздер мен такыр эмне кылышты билбей калдым

Аргумент.kg