Күйөөгө тийгим келет, бирок мен семизмин.Ким алат?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саламатсызбы . Мени ойлондурган бир көйгөй бар эле. Мен 21 жаштамымын, өзүм жакшынакай, татынакай эле кызмын кудайга шугур. Бирок менде бир маселе бар мен семизмин . Боюм 1.63-1.65 болот примерно. Бирок салмагым 91 килограмм ?. Эми менин сурайын дегеним балдардын баары эле арык, фигурная кыздарды жакшы көрүшөт го. Ушунун айынан күйөөгө да тийгим келбейт чынын айтсам, мени толук келин экен деп айтышабы деп. Аракет кылып арыктабайсынбы дебениздер. Арыктоо үчүн болгон аракеттеримди жумшадым. Диета кармап, фитнеске барып, даже дарыдан бери ичип көрдүм болбоду. Сиздерден кеңеш сурайын деп эле жазгам. Кантип арыктаса болот жана дагы негизи эле салмак маанилүүбү күйөөгө тийиш үчүн?

Аргумент.kg