
Күйөмдүн туугандары үйдү гостиница кылып алышты
26-бугу, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваСаламатсызбы, мага сиздердин кенешиниздер керек. Ушунчалык күйөөмдүн туугандарынан тажап кеттим. Туугандары үйдү гостиница кылып алган каалаганда келет каалаганда кетет. Аркасынан даже төшөгүнда жыйып койбойт. Макул тууганда деп унчукпай кылып жүрдүм, эжеси келип жашады, 3 баласы менен 6 ай, унчукпадым, кийин таэжеси бир жылдай жашады, унчукпады. Аз келгенсип 3 кайним бар, колу аркасына жетпеген. Эки чоңун Москвага кетирип кутулсам кичинеси ичкен жерин даже алып койбойт. Жегени жеп мусорунда ташташын билбейт. Күйөөм жакшы кичине болсо да жардам берет. Бирок туугандары ушунчалык тажатып бүттү. Боюмда бар, чон балам 2ге жакындап калды оорлошуп зорго жүрсөм кылатта деп өзүнчө док урунушат. Ажырашкым келип, туугандарына чыдабай калдым. Кайнене кайната менен турабыз.