Күйөөм Москвадан 8 жылдан бери келе элек,эки балам атасын тааныбайт.

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саламатсыздарбы. Мен 2015жылы күйөөм менен сүйлөшүп жүрүп Россия жергесинде үйлөндүк. Биринчи балам төрөлдү, ал жакта жакшы эле кыйынчылыктарды көрдүк. Экинчи балам алты айлык боюмда болгондо күйөөм бул жакта төрөсөң кыйналат экенбиз деп, Кыргызстанга билет алып салып жиберди. Келдик кайнэнем менен өзүмдүн агаларым аэропорттон тосуп алды. Агаларым үйгө эле алып кетебиз дегенинен болбой, кайнэнем алып кетти. Өмүрүмдө көрбөгөн жер, көрбөгөн адамдар,чоочун салт жашоо башталды. Тоодо жашашат экен баарына көнүп жашадым отуна күйдүм баарына чыдадым. Мына 8 жылдын жүзү болду күйөөм артымдан келген жок. Балдарым чоңоюп ата эмне экенин сезбей чоноюп келе жатышат. Бизге деп чек алып уй салышкан бирок үйдү кайнимдин наамында токтом гана бар. Эми кайын энемдер бул кетпейт деп калышты окшойт кагып силкип башкача мамиле кыла башташты. Өзүмө батпай жарылайын деп калдым эч кимге эч нерсени айтпай ичиме катып жүрө берип баш оору да пайда болду. Турмуштун сыноосунан сынбай келе жаткан айымдар кенеш бериниздер кандай кылсам туура жол менен кетем? Кетип калайын десем өзүмда атасыз өстүм жашымда атам оорудан улам кайтыш болгон балдарды атасыз калтыргым келбейт. . Төркүнүмө бара албай ал жакта келин бар, келин менен сый мамиледе гана болгум келет чынында. Күйөөм болсо жазсам кыска нуска жооп берет ойноп атамбы, ойноп жүрөмбү деп. Мага акча салбайт нормальный акча көрө элегиме 8,9 жыл болду. Апасына салат акча ,алар продукты алат, Баардык продуктуну кайненем алып келет,  мен только алып келген нерсеси менен тамак жазашым керек 😏. Даже прок…ка дан бери эсептеп алып келип берет анан унчуга албайм. Куйоом «январьда барам»-деген. Анан эле кечинде чалды чек арадан өткөзбөй койду деп🤦‍♀️ эмнеге десем айтпады 😪. Кыйналып кеттим аябай.

Булак:Аргумент кж

Аргумент.kg