Күйөөсүнө таянып, экрандан түшпөгөн Кыял Шаршеева элди аллергия кылып жатыптыр

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кайрат Иманалиевдин КТРКнын директору болуп келгенине 9 ай болду. Андан бери телевидениеде эч нерсе өзгөргөн жок. Болгону аталышы өзгөрүп, «Улуттук» деген статус берилди. Ал эми иш баягы эле эски нукта, «өгүз өлбөсүн, араба сынбасын», «сен мага тийбе, мен сага тийбейм» деген принцип менен уланууда. Кайрат Иманалиевдин телевидениени өнүктүрүү боюнча өзүнүн программасы да жок экен. «Андан демилге да чыкпайт, кыймылдабай эле обед кылып, тишин чукуп отурганды жакшы көрөт» деп айтышууда. Телевидениенин ишин жылдырып, автордук программаларды Түгөлбай Казаков менен Байма Сутенова алып барып, абийирлери жабылууда. Көпчүлүгүнүн автордук программа даярдаганга билими, маданий деңгээли да жетпейт экен. «Аруузат» программасынын маңыз алып баруучусу көрөрманды уктатат эй! Ал эми күйөөсү Кайрат Иманалиевге таянып, экрандан түшпөгөн Кыял Шаршеева элди аллергия кылып жатыптыр. Улуттук телевидениенин жаңылыктары райондордо ачылган өндүрүштүк цехтерден башканы көрсөтпөйт, публицистикалык программа, аналитикалык берүүлөрдү чагылдыруу түштөрүнө да кирбейт. Маданият тармагын башкара албай ташыркап келген Кайрат Иманалиев менен УТРК алдыга эмес, артка кетет окшойт.
«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg