«Күйөөңдү кайтара албайсың» деп ойношу коркутуп жатат
28-чын куран, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваЖашым 22де. Турмушка чыккам, бир балам бар. Күйөөм 28 жашта. Айтайын дегеним, аябай кыйналып турган убагым. Москвадабыз. Күйөөм мен жанында жүрсөм да бир кыз менен жакын болуп кетти. Бир нерсе деп ооз ачсам эле «кете бер Кыргызстанга, сени эч ким кармаган жок» дейт. Көңүлүм калды, жүрөгүң муздап калат экен. Ал мамиле курган кызы да мага «колундан келгенин кыл, окутуп-чокутуп алам десең эми кеч» деп жазыптыр. Мен өзүм да атасыз өскөм, атам кичинемде өтүп кеткен. Ата мээримине зар болуп чоңойгом. Балам да ошо мага окшоп атасына куса болбосун деп ойлоном. «Өзүңдү жакшы кара» дешиңер мүмкүн, өзүмө тың, таза, арык эле келинмин, андай кыйкырып уруш чыгарган деле адатым жок. Эмне кылам?… Кайра мага келе турган кылып окутуп алсамбы?… Билем, бул күнөө, бирок жашоом үчүн күрөшпөсөм, мен үчүн эч ким күрөшпөйт да. Ара жолдо, ай талаада, туманда калдым…