Күйөөмөн таяк жейм, ажырашууну ойлойм, бирок балдарымды кыя албайм…
18-баш оона, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваТурмушка чыкканыма төрт жыл болду, эки уулубуз бар. Күйөөмдүн кыялы жаман, ачуусу бат келет, өзүнүкүн бербейт. Мени дайыма сабайт. Мына, кечээ эле бүт денемди көгөртө урду. Бирок, ичпейт, чекпейт.
Апамдарга айтсам, “ажырашчу болсоң, балдарыңды алып келбе, өзүң кел” дешти. Балдарымды таштап кантип кетем? Кичүүсүнө эми араң 6 ай болду. Ажырашайын дейм, бирок балдарымды ойлоп, жашоо уланууда. Бирок бат-баттан токмок жей берип тажадым. Ишенесизби, күйөөм мага эч нерсе алып бербейт, “акча жок” дей берет. Суранам, мага кеңеш бериңиздерчи?!