Күйөөм «токол алам» деп жүрөгүмдү оорутат….

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мен 26 жаштамын. Үч балам бар. Эки уул, бир кыз. Төртүнчүсүн да төрөйүн деп калдым. Менин көйгөйүм – күйөөм кыздар менен көп сүйлөшөт. Жазышкандарын дайыма көрүп калам. Анан да «токол алам, сен уруксат бербесең да» деп жүрөгүмдү оорутат. Азыркы кыздарга да таң каласың. Үй-бүлөсү, бала-чакасы бар эркек менен сүйлөшө беришет экен. «Мунун үй-бүлөсү бузулуп калабы, балдарынын эртеңки күнү не болот?» деген ой да жок. Ошондой кызыңарды, сиңдиңерди туура жолго жолго салгылачы замандаштарым.

Аргумент.kg