Күйөөм токол алам деп жатат. Эмне кылсам?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Атым Сейде. Мени 21 жашымда айылга ала качып кетишкен эле. Кыргыздын качанкы эски салтын бетине кармаган ата-энемдин “барган жериңде отур” деген сөздөрүнөн кийин аргасыздан калып калгам. Эгерде азыркы кез болгондо күйөөм соттолуп кетмек. Ошентип ңечендеген кыздардын тагдырына балта чапкан салттын айынан босогону аттап кете албадым. Өзүм шаар жеринде чоңойгондуктан айыл турмушуна көнүү, мен үчүн оңойго турган жок. “Баардыгын убакыт дарылайт”- дегендей эле баарына көндүм, таң эрте туруп уй саамай менин мойнумда болду. Күйөөм бул үй-бүлөнүн жалгыз уулу болгондуктан мен дагы жалгыз келин элем. Экөөбүз бир жылдан кийин кыздуу болдук. Ошондо кесарева жолу менен төрөдүм. Ден-соолугума байланыштуу доктурлар менин мындай кийин төрөй албашымды айтышты. Кызым 2 жашка чыккан соң шаарга көчүп келдик. Бир күнү кайын энем бөлмөсүнө чакырып алып «Сени түшүнөм, сага да оңой болбойт, сен кыз төрөдүң, менин уулума эркек бала керек, ал артына тукум калтырышы керек, ошон үчүн балама токол алып берем» – деди. Ошол убакта жүрөгүм жарылып кете жаздагыдай эле болду. Түнү бою апамдын сөздөрүн электен өткөрүп чыктым, ойлосом айткан сөздөрүндө чындык бардай. Эртеси апама макулдугумду айттым. Апам жолдошума айтты, биринчи каршы болуп жаткан, кийин апам аны да көндүрдү. Ошентип бир айдан кийин жолдошум токолун алып келди, жап-жаш, өңдүү-түстүү келин экен. Кантсе дагы аялмын да, ичим күйүп, жолдошумду аябай кызганып жүрдүм. Эмнесин жашырайын. Токол экөөбүздүн мамилебиз башында жакшы эле болчу. Балээнин баары кийин ал күйөөмө уул төрөп бергенден кийин башталды. Уул төрөлгөнүнө аябай кубанган кайын – журтум чоң той беришти. Баарынын көңүлү аларга бурулуп, кызым экөөбүзгө эч ким көңүл бурбай калды. Ошондон кийин токол дагы өзүмчүл боло баштады. Көпкөн токол мен жумушка кеткенде жөнү жок эле чыр чыгарып кызымды уруп, тилдеп койчу экен. Байкуш кызыма болушаар киши жок болгондуктан токолдон кордук көрүп жүргөнүн кеч болсо да байкап калдым. Кайын энем болсо башка туугандарынын баласын багууга кеткен эле. Тополоң салган токолдун жоругуна чыдай албай акыры жолдошума болгон окуяны айтып бердим. Бирок жолдошум иш сапары менен башка шаарларга көп кетип тургандыктан үйдөгү абалдын баары менен кабардар эмес эле. Токол жасаган иши үчүн жазасын алса дагы, жолдошум экөөбүздүн ортобузга чок салганын койбоду. Себеби жолдошум ага караганда мени көбүрөөк сүйчү, ал ошону көрө албайт эле. Убакыт өткөн сайын анын кылыктары чектен чыга баштады. Жолдошума кызым экөөбүз бөлөк жашай турганымды түшүндүрүп, токол менен күнүгө уруш болуп, кызыма терс таасирин берип жатканын айтып бөлүнүп кеттик. Ошондон баштап кызым өзгөрдү, мурункудай ойноп күлүп, көңүлү ачыла баштады. Дем алыш күндөрүн жолдошум бизге арнайт. Үй, машина баардыгын алып берди. Баардыгына Кудайга
шүгүр дейм.

Азыр 39 жаштамын, кызым 16га чыгат. Бишкекте жашайбыз. Жолдошум токолунан 2 уул, 1 кыздуу болду. Кызым туугандары менен жакшы катышчу, бирок токол менин кызыма эрегишкенин эч токтотподу. Муну менен эле токтоп калбастан жолдошум менен кызымдын ортосуна чок салды. Миң айтсаң да түшүнбөгөн токолго катуу жиним келгендиктен учурда өзүмдү карманып араң эле жүрөм. Кылыктарын эстегенде кыйкылдатып муунтум салгым келет. Чындыгында катуу стресс болгондо адамга ар кандай жаман ойлор келет экен. Учурунда жолдошум негизи мени менен турам дегенинен, балдарың атасы менен чогуу өссүн деп токолу менен жашоого көндүргөн элем. Токол болсо бул жакшылыгымды билген жок. Тескерисинче, экөөбүздөн туулган аталаш бир туугандарды ынтымакка чакырып тарбияламак түгүл бири-бирине каршылаштырганы ушунчалык жаныма батып кетти. Токолдун айынан кызым жолдошумдан жана анын балдарынан алыстап бара жатат. Каргашалуу токолдун кесепетинен жолдошум кызыма мурдагыдай аталык мээримин төкпөй калды. Эми кызым атасынан тышкары туугандары менен мамилеси жоктугуна капаланып жүрөт. Аларды кантип элдештирсем экен? Кызым капа болсо менин дагы жүрөгүм ооруйт. Аттиң… Эгер ден-соолугум жакшы болгондо, анда учурунда күйөөмө балканактай уул төрөп бербейт белем…

Булак: «Багыт»

Аргумент.kg