Арыбаңыздар! Сиздерге кат жолдоону эп көрдүм. Өтүнөм, анонимдүүлүктү сактап бериңиздер. Атым Анара, Бишкек шаарында жашайм. Жолдошум Канат менен он бир жылдан бери чогуу түтүн булатып келе жатабыз. Ортобузда бир уул, эки кызыбыз бар.
Күйөөм көңүлдөш күтүп кеткенин ачык айтып, “Сенден биротоло кетем, балдарга алимент төлөп берем” деп коркутуп жатат. Аныгында мен аны абдан жакшы көрөм. Күйөөмдү башка аялга бергим келбейт. Кеңеш бериңиздерчи, эмне кылам?