Күйөөм мени өлүп калган экен деп атам өкүрүп барыптыр

Күйөөм мени өлүп калган экен деп атам өкүрүп барыптыр

20-аяк оона, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Турмушка чыкканыма беш жылдан ашуун балалуу боло албай жүрдүм. Экинчи жылдан тартып тааныштарыбыздан: “качан наристелүү болосуңар”- деген сөзү биздин ортобузга жарака кетире баштады. Уруш-талаштар да боло түшүп, бирок экөөбүз тең сыр бербей жашай бердик. Ажыраша турган болуп жүргөндө кош бойлуу экенимди билдим. Бул биздин алгачкы сүйүнүчүбүз жана кайрадан ортобуздагы чечиле баштаган жипти бекемдеген данегибиз болуп калды. Тогуз ай күйөөм көзүмдү карап, каалаганымды алып берип жүрдү. Дарыгерим баланын абалы жакшы экенин менде көйгөй жаралбасын айтып ишендирип айткан. Жакындаганда башымдын ооруганы күчөп, оорлошуп калдым. Бул учурда дарыгерим эмгек өргүүгө чыгып кетиптир. Жаны дарыгерге барып айтсам көңүл кош кабыл алып узатып койду. Жолдошума дагы эки жума бар экенин айтсам, “бир аз иштеп алайын анда”- деп көлгө кетип калды. Түнү кыйналып уктап, бир туруп ичим бурап ооруп, кайра токтоп айтор алка-шалка тер кетип таңды араң атырдым. Эртеси тан атпай эжекемди чакырдым. Менин үнүмду угар менен учуп келген эжекем абалымды көрүп; “ толгооң бышып калган турбайбы, суу да кете баштаптыр”- деп төрөт үйүнө алып барды. Ал жактан узиге түшүп, андан кийин төрөт бөлүмүнө жеткиче суусу бүт кетип калыптыр. Мени караган акушер кесерова кылбаса бала думугуп өлүп кала турганын айтып баарынын шаштысы кетип калды. Ушул кезде мага чалып калган күйөөмө: “Төрөтканадамын, кесаревого кирмей болуп жатам” дегенге гана үлгүрдүм. Андан кийин телефонум өчүп эжем экөөбүз тең убакыт менен алек болуп калдык. Көзүмдү ачсам жанымда мурду барбайган кичинекей наристе бышылдап уктап жатат. Бул учурда күйөөм жумушун таштап шашып шаарга чыгыптыр. Жолдо катар төрөт үйлөрүнө чалып фамилиямды айтып сурашса бирөөсү: “ооба кесеровага кирген кайрат кылыңыз бала да эне да каза болуп калды” деп коюп салыптыр. Күтүүсүз жаман кабардан улам өзүн жоготкон күйөөм ата энеме барып, атамдын бутун кучактап: “Жаркынай мен келгенче бизди таштап кетиптир. Күнөө менде. Каза болуп калды дейт төрөтканага чалсам балам да аялым да мени таштап кетти”-деп бакырып ыйлаптыр. Атам аны араң сооротуп, менин төрөт үйдө экенимди, уулду болгонумду айтышыптыр. Качан алардан менин тирүү экениме ишенгенден кийин төрөтканага чуркаган экен. Эшик шарт ачылып кубанычтан көздөрү күлгөн күйөөм мени кучактай калып ыйлап жиберди. Уулунду кара деп ишарат кылганда гана көзүнүн жашын сүрүп мемиреп уктап жаткан уулун тиктеп турду. Төрт күндөн кийин үйгө чыгарып кетип өзү карап, тамагыман бери бышырып берип жатты. Мынчалык күйпөлөктөп караганына таңкалып жаттым. Качан өзүм уулумду караганга жараганда гана мени өлдү деп уккан кабарды айтып: “Сенин баркыңды мага сени өлдү деп угузганда билдим. Көрсө сен мага өтө кымбат адам экенсиң” деди. Андан бери төрт жыл өттү. Экинчи жолу кыздуу болдум. Күйөөм камкор ата, күйүмдүү күйөө. Ушул бактыма ыраазымын.