
Күйөөм мага хиджап кийгизип, өзү башка кыздар менен жүрөт
26-үчтүн айы, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваСаламатсызбы менин да катымды чыгарып беринизчи. Эмне кылышты билбей турам Мен экинчи турмушум хиджап кийип жүрөм,анан күйөөм менин көзүмө чөп басып жүрүптүр.Ал кыз менен бильярддан таанышыптыр кийин Ошо кызга жолугуптур..Ошол кезде күйөөм менен урушуп мени төркүнгө жиберип салып өзү болсо жыргап жүрүптүр. Бирок бүгүн уруша кетсек кайра эле кол көтөрөт.Уруп, сөгүп жиберди ушунча ызаланып олтурам эмне кылышымды билбей жатам.Кетейин десем төрт балам менен кайда батам ?