Күйөөм “кимге жагуу үчүн кийинип жатасың?” деп кызгана берчү болду

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Беш жылдан бери бирге жашообузда бир да жолу кызганычтан урушкан эмес элек. Эми жаңы кошулган аяшынын айынан үйдө уруш чыгып жатат. Ал күйөөмө «аялың өзүң аябай каранат экен. Күйөөсү бар аял арыдан-бери болчу эле” дептир. Ошондон тартып күйөөм кийген кийимимен баштап, тараган чачыма чейин асылып, “кимге жагайын деп жатасың?” деп кызгана берчү болду. Жумушта отурсам эки маал чалып текшерет. Канткенде күйөөмө өзүм үчүн тыкан жүргөнүмдү түшүндүрөм? Же тыкан жүргөн аялдар сөзсүз башка эркектердин көңүлүн бурушабы?

Аргумент.kg