Күйөөм келиндер менен жүрөт, урушсам «балаңды алып жогол» дейт

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саламатсызбы менин катымды чыгарып беринзчи. Жашым 32 де биринчи турмушумдан 1 балам бар 10 жашка чыкты, азыркы жолдошум менен жакшы жашап жүрдук балам менен, бир кызым бар жакында төрөйүн деп калдым, үй жай жок жолдошум жалкоо анча акча таап камсыз кылалбайт, ошентсе да эптеп жашап жатабыз. Менин проблемам ушул убакта жолдошум көзүмчө эшикке чыгып көрүнбөй ,карагыга барып таң атканча жоголуп кетет, кыздар менен , келиндер менен сүйлөшөт билем телефонун чукуласаң баары эри жок келиндер, айтпайм. Айтсан эмнеге чукуладын деп уруш кылат ажырашам десем балдарымды алып калам өзүн эрчитип келген баланды алып кет дейт. Ошол сүйүүбүз өчүп баратат, күндө уруш көрөөргө көзү жок, үйдө жумушу жок жатат 10/15 күн, анча мынча иште деп кыйкырам кайра иштеп келген адам болуп телефонун алып чыгып кетет көчөгө, эмне кылсам болот көзүм жумуп жашай берейин десем мага да кыйын болуп атат ичимде балам менен мени кыйнады. Кеңешинерди бергилечи эжелер, иштеген акчасынын да дайыны жок.

Аргумент.kg