«Күйөөм эжелерин эрчитип келип, мени менен жашабай, башка кыз алаарын айтты…» Кеңеш бериңиздерчи…Эмне кылсам?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Салам достор мен да өз ичимдеги сырым менен бөлүшкүм келди. Сөз башынан болсун… Жолдошум менен сүйлөшүп баш кошконбуз. Башында эл катары эле тынч жашадык, беш жыл күтүп жүрүп кыздуу болдук. Ошол убак менин эң эле бактылуу мезгилим болгон экен, кызымдын ар бир кылыгы мен үчүн айтып бүткүс эле. Кызым 3 айлык болуп калган мезгилде жолдошум күндө,  төрөбөй жүргөн эжесине кызымды берели,  өзүбүз Москвага барып иштейли деп тынымсыз айтып жатты. Күтүп жүрүп төрөгөн кызымды таштап,  акча үчүн бөтөн жака кетиш мен үчүн максат эмес эле. Баш тарттым,  жолдошумдун мүнөзү өзгөрө баштады үйгө келсе келет,  келбесе жок. Башында анча байкалбаганы менен,  күн өткөн сайын тамак- аш жок таптакыр эле дайынын билдирбей,  анча -мынча келип бизден алыстады. Башында ызылдап урушканым менен кийин өз оюуна койдум. Бир күнү эжелерин эрчитип келиптир.  Мени менен жашабасын, башка кыз алаарын айтты.  Бирөө үстүмө кайнап жаткан сууну  куйгандай чырылдадым. Кызымды атасыз өскөнүн эстесем сай сөөгүм сыздап кетти,  ушунчалык жакшы көрчү экенмин.
Тагдырыма баш ийип, ажырашып,  мен да кызымды апама калтырып,  Россияга иштегени кеттим. Ал жака барганда өтө кыйналдым, күнү -түнү эмчегим зыркырап ооруйт. Күндүз ишке алаксыганым менен, түнү кызымды эстеп көз жашым талаа болот. Убакыт өтүп унуттумбу,  анча эстебей калдым. Мындан кийин өзүм үчүн жашашым керек экенин, бирөөгө көнүп алуу болбосун түшүнүп,  тырышып иштеп жаттым. Бара- бара акчам чогулуп,  Бишкектин чет жагындагы жаңы конуштардан жер тилкесин алып,  ата- энемдин жардамы менен үй салдым,  машина алдым. Жашоом ойдогудай өтүп мекениме кайтып келип, өз алдымча жумуш кылып бутка турдум. Бул учурда жолдошумду  да таптакыр  унутуп койгон жокмун, ар бир күн эстечүмүн. Жолдошумду эстегенде ичимден ыссык дем чыгып, сагынчуумун.Бир күнү Ош базар жактан өтүп бара жатсам,  бир киши аябай мас бутуна тура албагандай ичиптир. Сөлөкөтүн бирөөгө окшоштуруп, кызыгып көпкө карап турдум. Кийген кийими кир,  бутунда жыртылган тапичке.  Мен тарапка бурулуп караганда,  көргөн көзүмө ишенбедим. Мен күндө сагынып жүргөн адамым турат. Машинамдан жерге кандай түшүп,  жанына барганымды билбей калдым. Ошондон көп өтпөй соо үйгө издеп келиптир. «Ичпейм болду, мага бир мүмкүнчүлүк берчи, туугандардын тилине кирип, сенден айрылгам  кайра жашайлы 2- аялым менен ажырашып кеттим» — деп жалдырап келиптир.
Кеңеш бериңиздерчи бир жолу таштап кеткен адам, кайра оңолуусу мүмкүнбү? Же жарашсам өкүнүп каламбы? Башым маң. Көпчүлүктөн көп пикир чыгат эмеспи. Эмне кылаарымды билбей турам….

Аргумент.kg