Күйөөм эмнеге менден башка айымдарды карабайт экенин айтып жашытты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Тойго барганбыз. Баш кошкондон бери эч жакка чыга элек болчубуз. Сүйүнгөнүмдү айтпагыла. Эртеден кечке көйнөк тандап, салонго жазылып, өзүнчө эле бактылуумун. Күйөөм болсо мени жылмайып карап отурду. — Кеттик, даярмын. — Чындап эле даярсыңбы? Же башка сумкаңды алып чыгасыңбы? — Эй шылдыңдабачы, бул туфлиге кара сумка жарашпайт болчу. Кеттик, чын даярмын. — Тамаша, тамаша, жүр. Аяшыбыз үйлөнүп жаткан. Эми ресторан укмуш экен. Болушунча чачылыптыр. Эми жакшылыкка чачылса мейли, өзү билет да. Дасторкону толтура тамак, анан айлана толтура сулуу айымдар. Күйөөм башында колумду жетелеп кирген. Ошол боюнча кое берген жок. Достору менен учурашып жатып дагы, бир колу менен мени кармап турду. Мынча сонун. Күйөөм келишимдүү, бою узун, ак жумал мырза. Аяштары тийише берет экен. Бирок күйөөм бирөөнө дагы «повод» бербей отурду. Мени менен гана бийлеп жатты. Бир-эки аяшы келип бийге чакырды эле, баш тартып койду. Бийчи кыздар чыкты. Чыгыш бийи. Бүт эркектер аларды карап, кол чаап, ышкырып киришти. Күйөөм телефонун чукулап, менин колумду кармап отурду. Бир дагы жолу аларды карабады. Менин сүйүнгөнүмдү айтпагыла. Кечинде тойдон чыгып, эки пакетибизди көтөрүп алып жөө басууну чечтик. Ар кайсыны сүйлөшүп келатып, оюма жанагы учур түштү. — Эмнеге чыгыш бийин бийлгене кыздарды карабадың. Баары кол чаап жатышты го. Анан дагы сулуу кыздар экен. — Мен өмүр бою карап өтө турган кыз тапкам. Мага ошол кызга татыктуу болуу маанилүү. Жанында аялы отуруп, башкага көз салгандарды түшүнбөйм. Меники жанымда божурап кетип баратат. Башканын эмне кереги бар. Акырын чачымды кулагымын артына алып, күлүп карап койду. Бакыттын көз жашы тып этип тамып кетти. http://Bilesinbi.kg

Аргумент.kg