Кудалардын колдоосу: Акылбек Жапаров кийинки президентпи?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Өткөн жылдын соңунда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров экс-спикер Асылбек Жээнбековдун айдай сулуу кызын келин кылып алып, дүңгүрөтө той өткөрдү. Жаш үй-бүлөгө бакыт каалайбыз! 

Кыргызстандагы таасирдүү эки тараптын куда болушу көптөрдүн бүйүрүн кызытты. Той астында Асылбек Жээнбековдун камактан чыгышы – кандай таасирдүү саясатчы экенинен кабар берет. Артында электораты бар, каражаты калың, өзү кайраттуу, топ жарган фигура экени талашсыз. “Сокени адам кылган” деп айтылып жүрөт. Көч баштаган агасы Жусупбек Шарипов дандуу, кыйын инсан экенин билебиз. Айтор, Жээнбековдордун кланы күчтүү. Ортодон Соке эле президент боло калып, булгап кеткени болбосо, башка жактарын айыптоого деле негиз жок го…

“Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” эмеспи. “Жээнбековдор келечекте Акылбек Жапаровду президент кылабы?” деген сөз кайдан тарады? Саясый элитадагы катталар кеп кылып атышканы бекеринен эмес. Тар чөйрөдө кызып атса, алдын ала коңгуроо катары кагып коёлу… Эске сала кетсек, Аскар Акаевдин доорунда эле Акылбек Үсөнбековичтин айтканы бар экен, “эгер мен премьер-министрлик кызматка жетсем, анда президент болом” деген. Бул жагы саясатчылар арасында аңызга айланып, азыр эстешип, кызуу талкууга алынууда. Ошондо кийинки башчыбыз азыртан эле ачыкталып калдыбы? Эгерде Асылбек Жээнбеков алдыдагы аламанда кудасын сүрөсө, олуттуу көрүнүш экенин тааныйбыз…

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg