Кудагыйлар чатакташып, тойду токтоткону жатышат

Кудагыйлар чатакташып, тойду токтоткону жатышат

17-аяк оона, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Саламатсызбы Аргумент.кж мага кеңеш керек болуп жатат. 19 жаштамын, шаардын  окуу жайларынын биринде окуйм. Жакында эле, жигитим экөөбүз баш кошууга ата-энелерибиздин ыраазычылыгын алганбыз.
Анан көп өтпөй   апаларыбыз  калың үчүн уруша кетишип  “той болбойт”,- деп жатышат. Жигитим, “үйлөнөбүз”, – деп өзүнүкүн бербейт.
Апамдын сөзүн жерге таштай албайм, жигитимди да сүйөм. Эмне кылсам болот? Кеңеш бериңизчи.