Кубанычбек Исабеков: Камап, иш козгоп-бул күчтүү бийлик эмес, алсыз бийлик

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Эмне үчүн оппозициянын биримдиги, таасири сезилбей атат? Кыргыз саясатында дайыма талаш-тартыш, тирешүүлөр орун алчу эле го?

Бийликке карата сын-пикирлер айтылып турса, түздөнүүгө, өнүгүүгө бет алабыз да, туурабы? Күчтүү оппозиция түзүлөбү же?..

— Ар бир бийликтин көзүн май басып кетпес үчүн деле оппозиция керек. Тилекке каршы, биздин бийлик өзүнө-өзү оппозицияны таап келген. Бир нерсе болсо эле баса калып кармап, камап, иш козгогон – бул күчтүү бийлик эмес, тескерисинче, алсыз бийлик болуп эсептелет.

Мисалы, бүт кыргыз элин камоого мүмкүн эмес да. Өмүр бою камакта жатпайт, алар да чыгат. Азыркы бийликтин башынан өтпөдүбү. Эми бизде оппозиция десе эле жалаң эле радикал болбостон, өдөрүнүн сунуш-пикири, программалары, жол-жобосу болгон оң.

Сынга алган оңой, бул жагын баарыбыз билебиз. Ушуну каршылык көрсөткөндөр эске алса дейт элем. Кээде «үйүндө кашык айраны жок, кызынын аты Жууратбек» дегендейлер бар. Үй оокатын тыңдай албай, анан эле иштеп аткан адамды обужок жөөлөп, кырчаңгыланып, тиги же бу бийликке сын айткандарды мен да жактырбайм.

Мындайларды мен өз айылымдан да көрүп жүрөм. Арак ичип жатып, бир аз тың жашаган адамдарды «мунукун өрттөш керек, тигиникин талаш керек» дейт. Убагында Атамбаевге, анын туура эмес кылып аткан иштерине сын айта берип, китепке да жазып ашкере кылгам.

«Мен сени иштетпейм» деп жүрдү. Ишканамды эпсиз текшертип, эпсиз айып пул салып, эки жыл катары соттошком. Андан кийин Сооронбай Жээнбековдун да ишмердүүлүгүн, анын ковидге даярдыгы жок экенин айтып койсом, жаргон менен «мочить!» деп 7- кабаттан команда берген. Мамлекет деген бирөөлөрдүн менчиги эмес. Өмүр бою бийликте отурган эч ким жок.

Мисалы, мен Садыр Жапаровдун айткандарын колдойт элем. Бирок, Россиянын президенти «кыргыздар улам-улам эле тырмоокту басып албаса экен» деп айтканын эсибизден чыгарбасак. Эми бул бийликке айтар сунушум: оппозицияны душман көрбөй, баарын чогултуп, сунушпикирин угуп койсо жаман болбос эле.

Эң негизгиси, күнү-түнү мактагандардан алыс болуш керек. Андайлар акыры душман болуп чыгат. Кемчилик кимде гана жок, менде бар, сизде бар жана бийликте да арбын. Бирок, түз жүргөн, илим-билимдүү, жөндөмдүүлөрдү, тажрыйбалууларды жумушка, кызматка иштетиш керек.

Азыркы бийликтин элге болгон ишеними жогорулагандын ордуна азайып баратканы сезилет. Ошол эле маалда ар бирибиз мамлекеттин келечегине жоопкерчиликти сезгенибиз оң. Ар бир адам мүмкүнчүлүгүнө жараша алдыга кадам таштаганы маанилүү.

Булак: Азия News гезити

Аргумент.kg