КСДПЧЫЛАР ЧАЛКАЛАП МАШИНЕ МИНҮҮ ҮЧҮН ДЕПУТАТ БОЛУШКАНБЫ?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Буга чейин чет элдик кесиптештеринен айырмаланып, биздин депутаттар шайтан арабага минүүнү намыстанып, жаңы үлгүдөгү унаалар менен жүрүп келишкен. Шайлоо алдында кызматтык батир жана унаадан баш тартуу тууралуу элге убада бергендер сөзүн карманып, бул маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлүп, эл өкүлдөрү ары кетип, бери кетип жатышып, жабык эшик артында артыкчылыктардан баш тартуу маселесин карап, унааларынан баш тартканы баарыбызга эле маалым. Бул айрым эл өкүлдөрүнүн нааразычылыгын жаратса, кээси унаадан баш тартуу менен бюджетти да үнөмдөп калуу мүмкүн экенин айтышып, көптөгөн талаш-тартыштардан соң акыры депутаттар кызматтык унаа минбей турушкан болгон.
Эми бул маселе Жогорку Кеңеште кайрадан көтөрүлүп, болгондо дагы КСДПчылар кызматтык унаага муктаж болуп турушканын айтышууда. Алардын айтымында, кызматтык унаанын жоктугунан эле эл өкүлдөрү сапаттуу иштей албай, аксап жатышыптыр.
Шылтоо болбосоң коё кал, күндө коомдук транспорт менен эле ары-бери чапкылап жүргөн карапайым эл кантип күн өткөрүп жатты болду экен?
«Республика — Ата Журт» фракциясы каалаган нерсесинен баш тарта берсин, бирок бизге өз пикирлерин таңуулабасын деген депутат Ирина Карамушкина депутаттардын жакшы иштөөсү үчүн мамлекет шарт түзүп берүүгө милдеттүү экенин, ыңгайлуулук үчүн унаалар өтө зарылдыгын айтып өттү.
Дагы бир КСДПчы Альфия Самигуллина болсо унаасынын жоктугунан юристтерге жете албай жатканын билдирди.
“Жаман катын терисин жыйбай иттен көрөт, башын жуубай биттен көрөт” дегендей эле кыйратып мыйзам жаза албаганын бул депутаттар унаанын жоктугуна шылтоолоп кутулалы дештиби?
“Үйүндө бир ууртам айраны жок, уулунун аты Жууратбек” дегендей эле болушууда эл өкүлдөрү. Себеби акылы жетип турган, иш тажрыйбасы мол адам унаасынын бар жоктугуна карабай ишинин майын чыгара жасайт эмеспи.
Булак: Каганат

Аргумент.kg