Айтыштын финалдык турунда көзүнөн жашы куюлган Акматбек Султаналиев 1 миллион сом байгеге ээ болду

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Төкмө акындар катышкан «Айтыш төр» теле долбоорунун жыйынтыктоочу финалы өтүп, баш байгени Акматбек Султаналив алды.Баш байгеге ,өлкө башчы Садыр Жапаровдун демилгеси менен  1 миллион сом коюлган.

Жыйынтыктоочу турда улуу инсандарды даңазалап,көзүнөн жашы куюлган Акматбек Султаналиев баш байгеге татыды.Ал эми 1-орунду Кубат Тукешов алып, 500 мин сомдук байгеге ээ болду.Ошондой эле,2-орунга Арген Биймырза уулуна 350 миң сом жана 3-орунду ээлеген Чынгызхан Кожошовго 250 миң сом берилди.

Аталган  теле долбоорго,министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, башкы прокурор Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Аалтынбек Максутов, УТРКнын башкы директору Болотбек Тиллебаев катышты.

Белгилей кетсек, кечээ акындарга ар кыл темада тапшырмалар берилип, төрт акын финалдык турга өткөн.

Булак:Аргумент кж

Аргумент.kg