Көзу ачыкка барып күйөөмдү өлтүрүп алдым

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Төрт жыл мурун жакын туугандарымдын арасынан бирөөсү жолдошумду башка бирөө менен жашап жүргөнүн айтып катуу карма деди. Бул мага катуу тийди. Бир топ күн өзүмө келе албай жаман абалда жүрдүм. Кжумушка кетип жатканда бир топко артынан акмалап карайм. Жумуштан жарым саат кечиксе жанымды коерго жер таппай калам. Кээде түшүмдө жолдошум бирөө менен кучакташып жатканы кирет. Ушундай кундөрдун биринде кошунам менен сүйлөшүп калып, анын жолдошун окутуп алганын айтып калды. Мага кызык болду. Мен дагы жолдошумдун өзүмөн таптакыр кетпегидей кылып окутуп алгым келди. Гезиттерден телеберүүлөрдүн астындагы жүгүртмө рекламалардан көзү ачык издей баштадым. Акыры таптым. Жолдошумдан катып жүрүп жыйнап алгам акчамды көтөрүп жетип бардым. Ал жолдошумдун сүрөтүн жана кийимдерин алып кел деди. Жети күн окуткандан кийин колума бир баштык чөп аралашкан бир нерсе берди. Күнүгө кечинде чайына кошуп бер деди. Айтканындай эле баягыны күнүнө чайына байкатпай кошуп коем. Арадан алты ай өткөндөн кийин жолдошумдун мурдунан кан кетип өзүн жаман сезип жатканын айттты. Тез жардам чакырып ооруканага алып бардык. Эки саатка жетпей күйөөм каза болуп калды. Дарыгерлер бир нерседен ууланган деген жыйынтык чыгарып беришти.
Кайын журтум сөөктү ачтырбай эле жерге беребиз деп болбой алып кетишип жерге бердик. Көзү ачык мага берген дарысы күйөөмдүн түбүнө жетти окшойт деп шекшинип калдым. Жолдошумду имерип берем деп алдап акчамды алып ордуна каяктагы балээни берген көзү ачык күйөөмдү таптакыр тартып кетти.
Жамийла

Аргумент.kg