Кожоке “короого” кирди же “элитбектин” эргүүсү…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кыргыз өзү азилге, аскияга жакын эл. Өтө тамашакөй келебиз. Кээде тамашалап атып эле бирөөлөрдү министр, депутат да кылып алмайыбыз бар. Эсиӊерден али кетелек болуш керек. Бир кездери Жогорку Кеңештин «элитный» депутаты бар эмес беле, Кожобек Рыспаев деген. Кокус: “кандайча элита?”, – деп калчулар болсо эстерине сала кетейин. Ал кезде Алмазбек Атамбаев ажо болчу. Анан Кожокелерге окшоп, кокую көп болуп кеткен Жогорку Кеӊешти “чимкириктер”, – деп балп эттирбеди беле. Атамбаевдин айтылган кебине абдан капа болгон Кожоке: “Биз чимкирик эмес, кыргыз элинин элитасыбыз!”, – деп опурула ачууланган. Ии, эстедиӊерби ошол “элитбегибиз” эки жылдан бери кызматсыз жүрүп өткөн жуманын этегинде Улуттук электр тармагынын директорлор кеңешине төрага болду. 2010-жылы Феликс Куловдун «Ар-Намыс» партиясы менен парламенттик босогосун аттап, кийин аны “кидать” эткен. 2015-жылы СДПК партиясынын «золотой» тизмеси менен келген, кыйын кырдаалда аларды да “алигидей” кылган. Анан 2020-жылы эч бир партияга кире албай калган эле. Баарын четинен сатып келе жаткан кишини ким кошсун партиясына?! Эми ушул Кожоке жаңы бийликтин «короосун» чаңызгытып шыпырып жүрɵт, эй! Кызмат десе мүдүрүлүп жыгылганча чуркаган бул эргул кайрадан депутат болуу аракетинде окшойт. Аялдар оозун чоюп калганда: «Ой өзүӊдү күзгүдөн бир карап алчы», – деп айтылчу кеп бар го. Анын сыӊары баскан жолу «бардак» болгон, коомго карата колго алаар, сөзгө салаар бир эмгеги жок «элитбек» Рыспаевге да күзгү өтө зарыл. Антпесе буларыӊ алды-артты карабай эле кызарган бир жер болсо ошону «кесип» алууга жанын сабап жатып калышат тура. Жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт демекчи, Кожокебиз Жогорку Кеңештеги Отун-суу, энергетика жана жер казынасы боюнча комитетти эки чакырыш удаасы менен жетектеп турганда далай кен казуучу компанияларга «доляга» олтурганы да айтылып келет. Анын үстүнө өзү үйүр алган жерге да барды. Мындан улам бир ой кылт этет да. Эгер 18-же 19-кылым болуп, анан кылкалемчи Кожокенин сүрөтүн тарта турган болсо кандай кылып тартмак эле?.. Менимче казы сугунуп, жал чайнап, ууртунан аккан майы кабатталып капталын көздөй шыпылырып жаткан курсагына таамп турган феодалдык доордун типтүү бай манабынын кешпири түркүн боёктор менен сырдалмактыр. Кожокенин кебетеси деле айтып турбайбы, жегенди жакшы көрөөрүн… Эмне болуптур, табит тартып турса, ден-соолук болсо ким эле таттуу тамактан баш тартсын туурабы? Жесин, болгону өзүнүкүн гана! Өлкөнүн эсебинен эмес, өзгөнүн чөнтөгүнөн эмес…

Булак:Де-Факто

Аргумент.kg