Көз ооруларынын белгилери жана себептери

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Көз ооруларынын тубаса, кийин пайда болгон, катуу кармаган жана өнөкөт түрү болуп, бир же эки көз тең оорушу мүмкүн. Көз ооруларына жалпы организмдин оорулары, мисалы, жугуштуу  ( кептөөр,  жана башка), мите (мисалы, эхинококк), эндокрин ( жана башка), кан тамыр (гипертония оорусу), кан оорулары (ак кан оорусу ), түрдүү шишиктер (саркома, рак), борбордук нерв системасынын оорулары (менингит, мээнин шишиги), витамин жетишсиздиги, ошондой эле көздүн урунуусу, күйүүсү, чаңдын көзгө түшүшү, түрдүү химиялык, физикалык таасирлер себеп болот.

Көздүн ичиндеги басымдын жогорулашы глаукома оорусуна алып келет. Трахома, глаукома, көздүн күйүшү, көз нервинин атрофиясы жана башка көз ооруларынан сокур болуп калууга мүмкүн (к., Кератит, Катаракта). Оорунун биринчи белгилери билинер замат догдурга кайрылуу керек. Дарылоону оорунун себебине жана мүнөзүнө жараша догдур жүргүзүп, тамчылатма жана май дарыларын сунуш кылат. Ал дарыларды догдурдун көзөмөлүндө оорулуу үйдөн өзү пайдаланат.

Көздүн тор кабыкчасы хориодея кабыкчасынан ажырап кетиши. Ал көбүнчө алыстан начар көргөн жана улгайган адамдарда кезигет. Мындай оорулуулар оор жумуш жасаганда, урунуудан көздүн тор кабыкчасы бириккен жеринен ажырап кетет. Көздүн ичиндеги суюктук тор кабыкчанын астына куюлат да, тор кабыкча сыйрылат. Оорулуунун көзүнөн от чагылып, бара-бара көрүү абдан начарлайт. Оорунун алгачкы белгилери билинери менен догдурга кайрылуу керек. Алдын алууда алыстан начар көргөн адамдар кара жумуш жасоого, оор нерсе көтөрүүгө, спорттун кээ бир түрү менен (сууга секирүү, бийиктикке жана узундукка секирүү, жана башка) машыгууга болбойт. Көздү түрдүү урунуудан (айрыкча өндүрүштө), түрдүү оорулардан сактоо талапка ылайык.

Булак:Аргумент кж

Аргумент.kg