«Кошуналары баарын угушкан» Бишкектеги үрөй учурган окуя боюнча жаңы маалымат

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бишкек ШИИБдин башчысы бүтүндөй Кыргызстанды дүрбөлөңгө салган үч адамдын өлүмү тууралуу жаңы маалыматтарды ачыктады.

16-февралда  Бишкектеги батирде эки баласы менен аял киши колдуу болгон. Адам өлтүрүүгө шектелип УКМКнын экс-кызматкери кармалган.

Маалым болгондой, батирдеги столдун үстүндө бөтөлкөлөр жана суусундуктар болгон. Шектүү жабырлануучу (өлтүрүлгөн балдардын энеси) менен бирге мас абалында болгону аныкталган. Экспертиза бар. Экөөнүн ортосунда пикир келишпестик чыгып, ал акыры чоң трагедияга айланган.

Азамат Ногойбаевдин айтымында, маркумдун кошуналары үй эмеректеринин жылып жатканын, ызы-чуу, кыйкырыктарды угушкан. Өспүрүм кыз терезеден жерге кулап түшкөндө унаанын сигнализациясы иштеген, аны да угушкан.

“Бирок, кошуналар көп маани бербей, үйдүн башчысына (домком) кеч кабарлашкан. Ал жумуштан келгенден кийин камераны карап, аймактык милиция кызматкерине кабарлаган. Андан кийин башка милиция кызматкерлери, куткаруучулар келип, батирдин эшигин ачканда 3 адамдын сөөгүн табышкан”, — дейт Ногойбаев.

Ал белгилегендей, кылмыштын бетин ачууга видеокамера жардам берген. Видеодо шектүү камераны талкалоого аракет кылганы, каза болгон өспүрүм кызды баатирге көтөрүп чыгып баратканы көрүнөт.

Белгилүү болгондой, шектүү Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон, спорт менен машыгып, мушташ өнөрү боюнча мелдештерди уюштуруп келген.

Аргумент.kg