Кошоматты кабаттап айткан Ырысбек Атажанов Жогорку Кеңешти кандай жер деп түшүнөт болду экен?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Депутаттарыбыздын иштээрге иши жокпу деген ой кетет. Теледен Жогорку Кеӊештин жыйынын көрүп олтурсаӊ бала бакча бул жакта калат. Көтөрүп жаткан маселелерин, бири-бирине карата кайым айтышканын көрүп бооруӊ эзилет, эй. Аларга караганда «Актан менен Акылай» деген анимацияны көрсөӊ кичине пайдалуураак. Мына ошол «бала бакчада», тоюс, Жогорку Кеӊеште өтө популист, өзүн өлө жакшы көргөн, тилинен башка берекеси жок депутаттар да бар. Мисалы, Жогорку Кеӊештин депутаты Ырысбек Атажанов популистик кадамдарды укмуш чеберчилик менен жасайт. Болгондо да кошоматтыктын багытында. Алсак баягы сентябрь айында болуп өткөн Баткен окуясы жабык жыйында каралганда Камчыбек Ташиевге болушуп Мирлан Самыйкожого кол салып жиберип, таяк жеп калган жайы бар. Ал эми ачык жыйындарда кошоматты катыра айтып эле тасырайып олтурат. Ырысбек мырза жөн гана публика менен ойноп жатканын көрүп олтургандар аӊдабай түшүнүп атабыз. Аныгында депутат деген эмне макамга ээ экен, мыйзамды кантип жазыш керек экендигин, элдин көйгөйүн көтөрүүдө кошоматты жыйыштыра туруш керек экендигин түк да түшүнгүсү келбейт. Же эмне Атажанов Жогорку Кеӊештин трибунасын кошомат айтуунун жогорку баскычы деп түшүнөбү?

Булак:Де-Факто

Аргумент.kg