Көшөгөдөгү ыйлаган кыздан 26 жыл мурунку өзүмдү көрдүм

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жолдошум ала качып алган. Көшөгөдө олтуруп алып машинага салып берген жеңемди каргап
ыйлагам. Аялдар, «биз да ушинтип келгенбиз, таш түшкөн жериң оор, отурган кыз ордун табат,
Жоки жаман бала эмес», деп сүйлөнүшкөн.
Башында көнө албай абдан кыйналдым. Өзүм бар турмушта чоңойгонгобу, жолдошумдун
жашоосу жаккан жок. Ал учурда «ажырашты, олтурбай келип алыптыр» деген сөздөр аябай уят
эле.
Бир айдан кийин кош бойлуу болдум. Жолдошум өктөм сүйлөп, кайын энем болбогон нерсе үчүн тилдей баштады. Кайын атам эле, келин бала олтур, эс ал, дагы ич тамактан деп турчу. Бирок
биринчи баламды төрөөргө аз калганда көзү өтүп кетти.
66 Жолдошум кызыл камчы болуп чыкты. Ажырашам болуп турганда боюмда болуп
калыптыр. Кыздуу болдум. Тагдырыма моюн сунуп, көргөн кордугума көз жумуп жашай
бердим.
Азыркы жашоом кудайга шүгүр. Балдарым эр жетти, келиндүү, неберелүү болдум. Келиниме ашыкча сөз сүйлөп, заарымды чачпайм. Жолдошум он беш жыл мурун эс тутумун жоготуп
койгон. Көргөзгөн кордугуна карабай багып келем.
Жакында эле кошунамдын баласы үйлөнөт болуп жардамдашып калдык. Аңгыча эле келин
келди, олтургузушуп койгула деп калышты. Кошуна аялдар менен аралашып көшөгө тарапка бардым. Кыз олтурбайм, менин жигитим бар деп ыйлап жатыптыр. Жүрөгүм токтоп калайын
деди, өзүмдүн жаш кезимди, кызымды элестеттим.
— Сүйлөшүп эле алып келе жатат дешти беле?
— Ооба. Эмнеге обу жоктонуп жатат бу кыз?
— Ыйлап жатканына караганда баса калып эле алып келе берген окшойт. Мен катышпайм,
жүрөгүм чыдабайт.
66 Кыйын кыз экен, айтканынан кайтпай, ала качуунун курмандыгы болбой кетип калыптыр.
21-кылымда жакшынакай таанышып, сүйлөшүп, бири-бириңди түшүнүп баш кошсо болот
да. Кыздарга айтаарым эч качан мындай жапайычылыкка моюн сунбагыла.
Бул менин кайын энемди окуясы. Жашоосу жөнүндөндөп айтат, кеңешин берет. Кошунабыз
тууралуу жакында эле чалып айтып берген. Апамдын көзү муңдуу болуп турат. Дайыма биздин жана кайын сиңдимдин бактысын тилейт. Апа оорубаңыз, биз сизди жакшы көрөбүз.

https://bilesinbi.kg/

Аргумент.kg