Кош бойлуумун күйөөмөн коркуп жатам, үй алгыча төрөбө деген
03-бештин айы, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваБаш кошконубузга бир жарым жыл болду. Күйөөм үй алып алгандан кийин төрө азыр бала менен мени иштетпей эле кайра жоготосун деп дайыма айтат. Турмушка чыккандан эки ай өтпөй дарыгерим менен кеңешип, бойдо болтурбоочу дарыларды ичип жатканм. Эки жолу унутуп калып убагында ичпей калгам. өзумдү алсыз сезип кыйналып жатканымдан дарыгериме барсам мени УЗИге түшуп кел деди. УЗИден төрт жумалык деп чыгарып берди. Дарыгерим да бойдон түшүрбөй төрөп ал, бойдон алдырткан аялдын ден соолугу үчун коркунучтуу деген кеңешин берди. Эми боюмда бар экенин күйөөмө айткандан коркуп жатам.