Көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызыткан “Клон” сериалынын жылдыздары 20 жылдан кийин…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жыйырма жыл мурун Марокконун ысык чөлүндө тартылган Бразилиянын “Клон” сериалын калтырбай көрүп, далай келин сериалды тиктеп отуруп уйун саабай, торпогуна эмизип ийип тил укса айрымдары балдарын унутуп калып кеч киргенде издеген күндөрү болгон. Ошондогу апасынын сериалга алаксыганынан пайдаланып арыктагы сууга түшүп ойногон өбөктөр бүгүн бой тартып турган учуру. Ошондогу Жади, Лукас, Саид кандай өзгөрүп, кичинекей Хадиженин бой тартканын билгиңиз келеби? Анда бул макала сиз үчүн, аягына чейин  калтырбай окуңуз.

Джованна Антонелли (Жади)

“Клон” сериалынан кийин Жадинин ролун аткарган Джованна Антонелли Лукастын образын жараткан Мурилу Бенисио менен сүйүү оттору жанып, Джованно мурунку жолдошу менен ажырашып тез эле Мурилу менен баш кошуп алган. Жыл айланбай Пьера аттуу уулду болушуп, бирок булардын сүйүүсү кызганычтан улам тез эле өчүп, ажырашууга түрткү болгон. Басылмалардын маалыматында Мурилу кызганычтан улам сүйүктүүсүнө чектөөлөрдү коюп, ага ишеним артпай туруп алган. Кийин Джованно америкалык бизнесмен менен сүйүшүп, Америка Кошмо Штатына көчүп кетмей болот. Уулунун башка материкке кетүүсүнө Мурилу каршы чыгып, Джованнонун бул жолку бактысы ачылбай калат. Кийин режиссер Леонардо Ногейра менен бир топко жарандык никеде жашап, андан эгиз кыздуу болушат. Никеге шашылбаган жылдыздар кыздары чоңоюп калганда расмий түрдө никеге турушуп, учурда бактылуу үй-бүлөлөрдүн бири болуп эсептелинип келет.  Джованно сериалдарга тартылууну токтотпой, аны менен катар өз бизнесин жүргузүп келет. Анын бренд жыттуу атырлары, сумкалары бар. Андан тышкары сулуулук салондорду иштетет. Айрым басылмалар  “Клон ” сериалы Джованнонун тагдырын жазып берди. Анын баскан жолу сериалдагы Жадинин жашоосун кайталады дешет. Балким кинодогу жашоо алардын тагдыры болгондур.

 

Мурилу Бенисиу (Лукас, Диогу, Лео)

Бир эле учурда үч каармандын образын жараткан актер “Клон” сериалынан кийин Бразилиядагы эң мыкты актер наамын алган. Бул сериалдан кийин анын ташы жогору кулап, Джованни Антонелли баш кошуп, көпчүлүктун көңүл чордонуна айланышкан. Актер табитинен кызганчаак келгендиктен Джованниге да чектөөлөрду коюп, анын көмүскөдө болушун каалаган. Мындай чектөөгө бала кезинен коомчулуктун көз алдында жүруп көнгөн Джованниге жага берген эмес. Алар ар кандай чакыруулардан келгенден кийин дайыма урушуп, акыры алардын ортосундагы сүйүү оту өчүп, ажырашууга барышкан. Алардын никесин ортодогу уулу да сактай алган эмес. Көп өтпөй  актер “Клон” сериалындагы кызы Мэлдин ролун аткарган Дебор Фалабелла менен сүйүү романын баштаган. Булардын да сүйүүсү көпкө узаган жок. Анткени Мурилонун кызганычы менен өзүмчүлдүгү Дебордун андан кетишине түрткү болгон. Атактуулук менен сүйүүнөн жолдуу болгонуна карабай актер өмүрүнүн басымдуу бөлүгүн бойдокчулук менен өткөрүп келет.

Далтон Виг (Саид)

Жадинин жолдошу Саид чечкиндүүлүгү жана үй-бүлөгө бекемдиги менен көптөгөн кыз-келиндердин кыялындагы мырзага айланган эле. Ал образды жараткан актер Далтон Биг 48 жашка чейин  үй-бүлө курган эмес. Актердун бул мезгилдерде Барбара Пас, Микаэла  Гоес аттуу актрисалар менен мамилелеш болуп келсе да алардын колун сурабаганы коомчулукту таңгалдырып келген. Балким ал үй-бүлө жоопкерчилигине даяр эместигинген улам артка тартып келгендир. Актер 48 чыкканда өзунөн жыйырма жаш  кичүү Камила Черкес менен аз убакыт мамилелеш болуп баш кошуп алган. Алар “Жашоого карай сүйүү ” аттуу сериалында таанышып калышкан. Учурда Артур жана Давид аттуу эгиз уулдарды тарбиялап келишет. Актердун 52-жашында көргөн уулдары үй-бүлөнү бекемдеп келгенин басылмалардан жашырбайт.

Летисия Сабателла (Латифа)

Сериалда бактылуу үй-бүлөдөгү сүйүктүү жар Латифа эсиңиздеби? Латифанын ролун жаркыратып аткарган Летиция Сабателла чыныгы жашоосунда дагы биринчи орунга үй-бүлөсүн коюп, чыгармачылыкка баш-оту менен кирип иштебейт. Актриса биринчи жолдошу Анжело Антонио менен съемка аянтчасынан таанышып, тез эле баш кошушкан. Актриса кош бойлуу учурунда ден соолугу төмөндөп, кызы Клариса айына жетпей төрөлөт. Кызынын өмүрүн сактап калууга экөө тен аракеттенип, кыска убакытта экөө тең съемка аянтчасынан алысташкан. Кийин жолдошу башка адамга көңүлү түшүп калганын айтып эки ажырым жолго түшкөн. Тунрмушта ажырашуудан көңүлү калган актриса тогуз жыл эч ким менен мамиле курбай кызын жалгыз тарбиялап келген. Экинчи жолу турмушка чыгууда актер Алвис Пинтуну көпкө сынап, кийинки турмуш жолунда бирге боло аларына көзү жеткенде гана макулдугун берген.   Тагдыр жолу тайкыбы айтор ал адам менен жети жыл бирге өмүр сүруп кайрадан жалгыздык менен жаздыкташ болууга туура келген. Учурда 50 жашка келип калса да ажарынан тайбай чыгармачылык жолду улантып келет.

Карла Диас (Хадижа)

Сымбаттуу жана капчыктуу мырзага турмушка чыгууну кыялданган Жадинин кызы кичинекей тогуз жаштагы Хадижаны билесизби? Анын сериалдагы кыялы  жеке жашоосунда ишке ашты. Ал эми “Клондогу” тыпылдаган тестиер кыздын ролу анын кино жаатындагы карьерасына жол ачып берди. Анын эсеби боюнча жыйырмадан ашуун ролду жаратып, канчалаган мырзалардын жүрөгүнөн орун алып келет.  Пандемия учурунда актрисадан рактын белгилери табылып, ден соолугу менен жигердүү аракет кылып баштаган. Качан белгилер жок деп табылгандан кийин депутат, жаныбарларды коргоочу Фелипе Бекари менен баш кошкон.

Сериалдагы каармандардын калгандарын  жеке жашоосунан кабарларды кийинчерээк кенен бермекчибиз.

Булак:argument.kg

 

 

Аргумент.kg