Көрсө балам ошол түрк баладан экен, бирок күйөөм билбейт

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саламатсыздарбы чыгарып бере аласыздарбы кенеш сурайын деген болчумун. Анда сөз башынан болсун мен күйөөм менен 17 жашымда танышканмын экөөбүз бири бирибизди жакшы көрөбүз азырда мамилебиз жакшы. Экөөбүз кыз жигит болуп жүргөндө эле жакын мамиледе болуп жүргөнбүз, мен 20 га чыкканда үйгө аябай көбү келишти колумду сурап жигитим үйлөнүшкө шарты жок эле. Ошого мен Москвага барып 1 жыл жүрүп келейин десем макул болду ошентип Москва бардым 1 жыл иштеп жүрдүм. Ал жакта подурушкаларым көп болчу Кыргызстанга кайтыштан бир күн алдын кыздар менен клубка барып ойноп күлүп ал жакта балдар менен таанышып калдык. Алардын арасында бир жигит бар экен турк бирок Кыргызстандык. Кыргызча сүйлөйт клубтан чыккандан кийин мени жеткирип койсом болобу деп машинасы менен жеткирип коймой болду. Үйдүн жанына келгенден кийин кантип ал менен жатып койгонумду өзүмда билбей калдым ошентип эртеси күн мен Кыргызстанга келдим. Келгендин эртеси күнү жигитим менен жолуктук сүйлөштүк жакын мамиледеда болдук. 1 айдан кийин тойубуз болду тойдон кийин 1 айдан кийин боюмда бар экенин 2 айлык болуптур. Күйөөм аябай сүйүндү ошентип убакты саатым келип төрөдүм бирок төрөлүшү менен сразу билдим күйөөмдөн эмес экенин. Балам башкача бала ашыкча эле сулуу дагы, 1.5 жылдан кийин кызым төрөдүм кызым күйөөмө окшош балам окшобойт. Балам ошол түрк баладан болгон экенин түшүндүм. Эми эмне кылам балам барган сайын чоңойуп жатат. Көчөдө көргөндөр эле ии бул башкача балаго дейт. Бирок күйөөм вообще шек санабайь мен ага кыйанат кылганымды. Кенеш бериниздерчи.

Аргумент.kg