Коррупцияга шектелип кармалган Урмат Самаев бүгүн абактан бошотулушу мүмкүн

Коррупцияга шектелип кармалган Урмат Самаев бүгүн абактан бошотулушу мүмкүн

19-чын куран, 2023-ж // Саясат // Айпери Осмоналиева

Коррупцияга шектелип кармалган Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев абактан чыгышы мүмкүндүгүн жактоочу Канат Хасанов Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Кече күнү эле кармалган Самаев деген аттуу жигит бүгүн чыгат деген имиш болуп атат. Октябрь райондук соту аны камактан чыгарат деп өздүк булактардан уктум. Чынбы же калпбы? Балээ басты го!

Эгерде чын болсо, анда чындап эле бийликтин эки жүздүүлүгү болуп калат го дейм…

Аттиң ай акчаң болсо, “КРЫШАҢ” болсо орустар айткандай “так можно” экен да…

Байкуш Биринчи Майдын кылмыз иликтөө жетекчиси жана ыкчам кызматчы дагы эле отурушат, анткени булардын же крышасы жок, же акчалары жок да ээ???», — деп жазды Хасанов.

Эскерте кетсек, бир күн мурун УКМК Урмат Самаевди «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схеманы уюштурууга тиешеси бар экендигин аныктап, кармаган.