Коррупционерлердин колдору кесилеби, урматтуу президент?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бишкек шаардык патрулдук милиция башкармалыгынын башчысы Талантбек
Барпиевдин Айбек Эшенкулов аттуу аты бар, бирок карааны жок бирөөнү штатка
киргизип, мамлекеттин эсебинен айлык берип жүргөнүн жазган элек. ИИМдин
Коопсуздук кызматынын Искандар аттуу башчысы бул ишти көз көрүнөө эле жаап койду.
Колуңардан «пок» келбейт деди окшойт сыягы. Урматтуу Алмазбек Шаршенович,
коррупционерлер жазаланабы же тайраңдап жүрө беришеби? Карабайсызбы буларды,
Барпиев өздөрү ич ара «депутат» – деп атап алышкан жыйырма МАИ кызматкердин
коргоочусу болсо, ал эми анын коргоочусу ИИМдеги Искандар болсо, Искандардын
коргоочусу министрдин орунбасары Алмаз Орозалиев болсо, накта чынжырлашкан
коррупция болуп жатпайбы. Булар мыйзамды тоготпостон мамлекеттин казынасына
ачыктан ачык кол салып жатышпайбы. ИИМге Улан Исраилов ушуга окшогон
коррупциянын чынжырын үзгөнү барды беле? Анда эмнеге тиши өтпөй жатат?
Булак: “Ачык саясат”

Аргумент.kg