Коррупцияга шектелген Тимур Файзиев экологиялык «Асман» шаарын курууну жетектейт

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

2022-жылдын жаз мезгилинде Ысык-Көл облусуна экологиялык «Асман» шаары курулары кабарланган. Аталган шаарды куруу долбоорун буга чейин коррупцияга шектелген «Элит Хаус» курулуш компаниясынын ээси Тимур Файзиев жетектейт. Ишкер бул туурасында социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. Тимур Файзиевдин айтымында, долбоор боюнча шаар жарым миллион адамга эсептелген. Келечекте 1 миллионго чейин өсүүсү күтүлүүдө. Долбоорго бир нече инвесторлор кошулуп, алар менен иш башталган. Элит Хаустун ээси «Асман» шаарынын курулушун ишке ашыруу үчүн кеминде 10 миллиард доллар талап кылынарын кошумчалады. Белгилей кетсек, Тимур Файзиев коррупцияга, Бишкек шаарында жер тилкелерин алууга жана мыйзамсыз курулуштарга катыштыгы бар деп шектелген. 2021-жылы 27-майда Биринчи Май райондук соту Тимур Файзиевге карата сырттан камакка алуу чечимин чыгарган. Андан кийин Аскер прокуратурасы Тимур Файзиевге издөө жарыялаган. Кийинчерээк, ишкер өлкөдөн сыртка чыгып кайра кайтып келгени кабарланган. Андан соң Башкы прокуратура Тимур Файзиевдин баш коргоо чарасын өзгөрткөн.

Аргумент.kg