Короз уруштургандарга эми чара көрүлө баштайт

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бүгүн, 16-майда парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттинин жыйынында мыйзамсыз оюн-зоок (кумар) оюндарын уюштургандарга жаза караштырган мыйзам долбоору каралды.

Ошондой эле жыйында депутат Карим Ханджеза айыл жергесинде короз уруштуруп ,байгеге чон суммадагы акча ,мыйзамсыз коюлуп жатканын айтты.

«Күлкүлүү угулушу мүмкүн, бирок айыл жергесинде уюштурулуп жаткан короз уруштуруу бар. Коюлуп жаткан акчалар, алардын айланышы эмне болот? Андай мыйзамсыз иштерге көңүл бурулуп жатабы?», — деди депутат.

Мындай суроого,ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев жооп берип, мыйзамсыз акча коюп, оюн-зоок уюштургандардын баарына чара көрүлөрүн билдирди.

Булак:Аргумент кж 

Аргумент.kg