Коронавирустун экинчи толкуну башталды…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Түркияда коронавирустун толкуну экинчи жолу эң жогорку деңгээлге жетти.Бул тууралуу Түркиянын саламаттык сактоо министри Фахритдин Ходжа билдирди. «Той жана майрамдардагы кайдыгерлик ушундай көрүнүшкө алып келди. Пандемия күчөп, күн сайын жаңы учурлар көбөйүүдө. Биринчи толкундун экинчи жогорку деңгээлинен өтүп жатабыз. Анкара, Стамбул, Измир жана Бурса дагы деле чоң коркунучта» деп маалым кылды министр.Министрдин айтымында, учурда Түркиядагы эң көп оору өлкөнүн борбору Анкарада катталды. Борбордогу оорулардын саны Түркиянын эң ири шаары Стамбулдагыдан эки эсе көп. «Ошондуктан биз Анкара менен иштешип, чара көрүп жатабыз. Жашы улгайгандарга ар кандай мекемелерге кирүүгө тыюу салынат. Бирок, учурда коменданттык саат киргизүү сыяктуу чаралар күн тартибинде жок» деди Ходжа.

Аргумент.kg