Коронавирустан каза болгон медицина кызматкеринин үй-бүлөсүнө 1 миллион сом төлөнөт. Бул тууралуу бүгүн коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Анын айтымында учурда компенсация төлөөгө өкмөттүн буйругу даярдалып жатат.
Кечээ, 2-майда Бишкек шаарындагы Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында коронавирустан 2 бейтап көз жумганы маалымдалган.
Анын бири 58 жаштагы Бишкектеги №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаева болгон.
Жүзүмкан Көкүмбаева 1962-жылы Нарын облусунун Кочкор районунун Улахол айылында төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик медицина институтун аяктагандан кийин Бишкек шаарындагы №5 үй-бүлөлүк медицина борборунда иштеп, андан кийин №3 үй-бүлөлүк медицина борборунда эмгектенди.