Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстан боюнча коронавирус жугузуп алга 211 бейтап катталып, 2 адам каза болду. Алардын бири Бишкек шаарынын тургуну, экинчиси Нарын облусунун жашоочусу. Ошондой эле акыркы суткада 329 адам илдеттен сакайып чыккан.
16-августка карата өлкө боюнча коронавирус менен катталгандардын жалпы саны 41 865 адамды түздү. Анын 34 миң 306сы айыгып чыгып, коронавирус жана пневмониядан жалпы 1495 адам каза тапты.
Булак: argument.kg
Коронавирус 211 адамдан аныкталып, 329 бейтап айыкты
Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш